www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТИМ Америкадагы кыргызстандыктарга кайрылды

Тышкы иштер министрлиги Американын аймагында жүргөн, ошондой эле бул өлкөгө сапарга чыгууну пландап жаткан кыргызстандыктарды жашаган өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын так сактоого чакырды.

АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы жылдары Кыргызстандын жарандары тарабынан виза режиминин бузулушу, анын ичинде туристтик (B1/B2), студенттик (F, J, M) визалары боюнча мыйзам бузуу учурлары көбөйгөн.

"Айрым жарандар тарабынан мындай визалык режимдин бузулушу жалпы Кыргызстандын жарандарына карата терс таасир тийгизип, бардык мекендештерге карата чектөө чараларынын киргизилишине алып келиши мүмкүн болгон тобокелдик фактору катары каралышы мүмкүн", - деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги жарандарды төмөнкүлөргө чакырат:

АКШда виза менен уруксат берилген мөөнөттү так сактоого;

уруксат берилген мөөнөт бүткөнгө чейин АКШ аймагынан чыгып кетүүгө.

Министрлик визалык режимди сактабаган учурлар терс кесепеттерди жаратып, мыйзам бузгандардын өздөрүнө гана эмес, АКШга барууну каалаган башка жарандар үчүн дагы виза алууну татаалдаштырышы мүмкүн экендигин баса белгилейт.

Белгиленгендей, ТИМ визалык жана миграциялык маселелер боюнча АКШ тарап менен тыгыз өз ара аракеттенүүнү улантат.

Последние новости