www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Золотые пески» пансионатына айып салынды

Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы «Золотые пески» пансионатына экологиялык мыйзам бузуу үчүн 23 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-июнда Ысык-Көл жээгиндеги пансионаттарга экологиялык талаптардын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында, аталган пансионат катуу тиричилик калдыктарын туура эмес жерге таштаганы аныкталган.

Министрлик бардык туристтик объектилерге жаратылышты коргоо мыйзамдарын так сактоону эскертип, өзгөчө туристтик сезон учурунда Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Последние новости