www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 11-июлда Хабаровск шаарында митинг өттү. Алар губернаторунун камалышына каршылык билдирген миңдеген адамдар президент Владимир Путинге каршы ураандарды чакырып жатышты. ул тууралуу орусиялык басылмалары жазышууда.

Алар "Падыша жоголсун!", "Путин ууру!"-деп кыйкырып турушту.

Ар кандай эсептер менен 11-апрелде шаардын борбордук аянтына беш миңден 35 миңге чейин адам топтолду. Митингдер башка шаарларда да өттү.

Белгилей кетсек, ЛДПР партиясынын мүчөсү Сергей Фургал 2004-2005-жылдары адам өлтүрүүнү уюштурган, бир нече ишкерди өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен 9-июлда камалган. Фургал бул дооматтарды четке кагууда.

ЛДПР партиясынын жетекчиси Владимир Жириновский анын парламенттеги фракциясынын мүчөлөрү Фургалдын камалышына каршылык билдирүү максатында “мандатын тапшырып берүүгө даяр экенин” билдирди.

10-июлда ЛДПР партиясынын Хабаровск аймагындагы эки депутаты да алдамчылыкка шек саналып камалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости