Хабиб Нурмагомедов эл алдына чыгып сүйлөгөнү үчүн канча доллар алары айтылды
Дүйнө жүзүндө  |   |  1164

Россиялык атактуу UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов эл алдына чыгып сүйлөгөнү үчүн 78 миң доллар алат. Бул тууралуу "Forbes" басылмасы  жазып чыкты.

Ал эми орусиялык мушкердин менеджери Али Абдель-Азиз Хабиб Нурмагомедов эл алдына чыгып сүйлөгөнү үчүн күнүнө эң аз дегенде 300 миң доллар аларын социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Бул бир аз туура эмес маалымат. Ал эл алдында чыгып сүйлөгөнү үчүн күнүнө жок эле дегенде 300 миң доллар алат", - деп жазган мушкердин менеджери.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями