11 жылга кесилген Алмазбек Атамбаев боштондукка чыгабы?
Саясат  |   |  7478

Бүгүн УКМК абакта жаткан Алмазбек Атамбаев ооруканага түшкөнүн кабарлады.

"Мурдагы президенттин коронавируска карата тапшырган ПЦР-анализи таза чыккан. Анын саламаттыгына байланыштуу дарыгерлердин консилиуму болуп, анын жыйынтыгында Алмазбек Атамбаевге «эки араптуу пневмония» деген диагноз коюшкан. Ошондой эле ооруканага жаткыруу чечими кабыл алынган.  Акыркы жумада А.Атамбаев бир нече жолу жактоочулары жана жакындары менен жолуккан. Алар ага кагаз жана буюмдарды өткөрүп беришкен", - деп мекемеден билдиришти.

Ал эми  буга чейин, коомчулукта Атамбаев тууралуу ар кандай кептер айтылган.

“Экс-президент Алмазбек Атамбаев боштондукка чыгышы мүмкүн”, - деген сөздөр жүргөн.

Эске сала кетсек, Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча 11 жыл 2 айга кесилген.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями