www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ социалдык тармактарга "Абал оор, бейтаптардын бирине унаада жасалма дем алдырып жатышса, экинчиси короодо жыгылды", - деген видео тараган. Видео кайсы даректе тартылганы так маалымат берилген эмес эле.

Улуттук госпиталдын башчысы Тилек Маратов бул окуя боюнча жергиликтүү басылмалардын бирине айтып берген.

"Абал курч. Амбулатордук негизде дарыланып жаткан эки бейтапты дарыгерлер кабыл алууга, текшерүүгө жетишкен эмес. Алар абалы өтө оорлогондо келишкен", - деген ал.

Ошондой эле Тилеков Улуттук госпиталдын алдында кечээ, 29-июнда пневмония менен ооруган 2 адам көз жумганын айткан. Ал жарандар оорусу күчөп кеткенде кайрылып жатышканын белгилеп, анын кесепети кейиштүү болуп жатканына токтолгон.

Буга чейин саламаттыкты сактоо министри март айынан бери өлкөдө пневмониядан 54 бейтап каза болгонун айткан болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости