www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиялык мушкер, UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун аялы тууралуу ушул убакка чейин маалыматтар жокко эсе. Үйлөнүү тоюнда да анын жүзү жабык болгон. Социалдык тармактарда да таптакыр сүрөтү жок. Бирок, телеграмм каналдардын бири спортчунун жеке жашоосу тууралуу жазып чыкты.

Андагы маалыматтарга караганда, UFC чемпионунун аялынын аты Патимат. Хабиб экөөнүн таанышканына көп болгон. Экөө алыс тууган, бир айылдан болот жана бир мектепте чогуу окушкан. Патимат спортчунун алгачкы сүйүүсү.  

Бирок, Хабиб башталгыч класстарда окуп жүргөндө эле Нурмагомедовдордун үй-бүлөөсү башка районго көчүп кетишет. Ошентсе да, жаш Хабиб айылына келип турчу. Спортчу 22ге чыкканда Патиматка үйлөнүүнү чечет да, атасын куда түшүп келүүгө жөнөтөт.

Ошентип, эки жаш 2013-жылы баш кошуп, чоң той беришет. Бул убакта Хабиб белгилүү болуп калган, ал 1200 киши бата турган залда үйлөнүү тоюн өткөргөн менен, 3 миңден ашуун конок келгени айтылат. Бирок, той учурунда эч ким келиндин жүзүн көргөн эмес, жүзү калың фата менен жабылган эле. Себеби, спортчунун өзү ыйык туткан салтты сактаганында.

Интернетте Хабиб менен чогуу сүрөткө түшкөн кыздын сүрөтү таркаган эле, айрымдары аны Хабибдин аялы дешсе, дагы бирлери карындашы экендигин айтып келишет.

Учурда жубайлардын бир уул, бир кызы бар, улуусу Фатима 4 жашта болсо, кичүүсү Магомед 2 жашта. Ошондой эле үй-бүлөөдө жакын арада дагы баш кошулары күтүлүп жатат.

Хабибдин аялынын жүзүн туугандары менен достору гана көрүшкөн. Миллиондогон акчаларды таап, көптөгөн тиулдарды алып жатса да Хабибдин үй-бүлөөсү Дагестанда жашап келе жатат.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости