www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Окурман редакцияга берген маегинде, Чок-Талдагы Халал пансионаты өзүм билемдик менен коомдук пляжда: эс алуучулардын сууга түшүүчү кийимдери шарият мыйзамдарына каршы келет делген жүйөө менен адамдарга пляжда эс алууга тыюу салып жатат.
"Эркектер менен аялдардын жээкке (купальник) кийимдери менен чыгуусуна тыюу салынат. Эркектердин шортасы тизелерин жаап турушу керек, ал эми аялдар буркини кийиши керек (денени толугу менен жапкан купальник). Бирок эң кызык нерсе пляж,жуунуучу зоналарга да бөлүнгөн. Жээктер эркектер үчүн аялдар үчүн деп да экиге бөлүнгөн.
Пансионаттын ичинде алар каалаган кийимдерин кийгизип алышсын, анткени бул жеке аймак. Бирок Ысык-Көлдүн жээги (пляждары) жеке менчик эмес, жалпы элдики. А бизде светтик өлкө. Пансионат киргизген мындай чектөөлөр өзүм билемдик жана Кыргызстандын Конституциясынын мыйзамдарын бузуу болуп саналат ", - дейт окурман.
Булак: NazarNews.kg