www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Мурат агай, Өмүрбек Текебаев "эки дос өлкөнү талашып башкарып жатат"- деген таризде жаштарга акыл үйрөтүп жатып сүйлөптүр. Анын айтканында чындык барбы? Ага элчилик кызматты бербей койгон үчүн бийликке таарынып, чабуулга өттүбү?
- Текебаевдин бул кылыгы, кыргыздын "көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы" дегендей эле. Ал баякы эле, кыргызча айтканда, "ит кыялын" кайра баштаптыр. Өзүнүн артында Ош коогалаңынын кайгылуу калбырлары калдырап келе жатканын дагы сезгиси жок. Дайыма интриганын үстүндө жүргөнү жүргөн. Ал өзүнүн жеке максат, мүдөөсүнө жетиш үчүн өзү керек деген адамдарга бүт намысын таштап коюп, башын ийип баруудан качпайт. Керек болсо издеп барып жолугуп "балга" чыланган уусу менен арбап алганга кыйын. Керектүү маалда дымып унчукпай жата берет. А
зыр деле так ошол тактиканы колдонуп жатат. Мына көптөн бери дымып жатпады беле. Эми эмне балээ болду? Эч балээ болгон жок, жөн эле жогорку жактан күткөн бир көйгөйү өзүнүн оюндагыдай чечилбей калды. Ошондуктан, кайрадан баягы оюнун кайра баштап отурат. Жакында шайлоо, бирок анын партиясы бардык шайлоолордо араңдан акыркы орундарга эптеп илинип келгендигин дагы эсине алгысы келбейт!
Текебаев чындыгында бүгүн "жигитче сөз берем"- деп кол алышып, көзүңө тике карап убадасын берип коюп, эртеси сени көрмөксөңгө салып басып кетчү эргул. Буга мен Б.Төрөбаев экөөбүз толук күбөбүз!
Булак: Sayasat.kg