www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошондой эле, Ирандын президенти Хасан Рухани 1-январда бир катар өлкөлөрдүн жетекчилерин, атап айтканда, Сауд Аравиясын Ислам Республикасында башаламандык отун тутандыруу аракети үчүн айыптап, иран элине экономикалык көйгөйлөрдү чечүү аракетин күчөтө тургандыгын убада кылгандыгы боюнча маалымат берилген. Иран Межилисинин депутаттарына кайрылып, Х. Рухани душмандар Ирандын бир катар ийгиликтери менен жетишкендиктерине, анын ичинде 2015-жылдагы ядролук келишим түзгөндүгүнө, террордук топтор менен натыйжалуу күрөшкөндүгүнө жана бир нече чет өлкөлөр менен карым-катнашты кеңейтип жаткандыгына  кыжыры келип жаткандыгын айткан.

ИИР президентинин айтуусунда, “Биз душмандарыбыздын кыжырын келтирдик. Биздин биримдигибиз алардын көзүнө көралбастыкты жаратып, ал эми саясат дүйнөсүндөгү прогрессибиз жана ийгилигибиз, айрыкча АКШ менен сионисттик режимге  каршы иш аракетибиз үчүн чыдай албай кетишти. Биздин аймактагы ийгилигибизге алар ушундай жооп кайтарышууда. Саудиттер эмитен эле:  «Тегеранда көйгөй жаратабыз»,- деп убада беришүүдө. Рухани мекендештерине өлкөнүн өкмөтү жарандардын экономикалык көйгөйлөрүн чечүү аракетин күчөтүп, жумушсуздукту жоюу, аба ырайынын булгануусун жана инфляцияны ооздуктоону убада кылгандыгын  «Иран.ru» билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости