www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Мады айылынын тургуну Акжол Калбаев тажик жараны тарабынан барымтага алынып, 10 күн бою кыйноого алынган.

Тажик жараны тарабынан барымтага алынды делген Акжол Калбаев Набижон Набиев менен беш жыл мурун Ош шаарынан таанышканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысына билдирди. 

Ал аны менен үй-бүлөлүк катышта болуп, жамандык-жакшылыктарда катташып турганын ырастады. 

"Набиев менен 2011-жылы Ош шаарынан таанышкам. Кызын турмушка узатканда тоюна үй-бүлөм менен барып келгем. Көрсө ал мени ошондо эле барымтага алууну ойлоп жүргөн экен", — деди жабырлануучу. 

Анын айтымында, Набиев аны узаган жылдын 14-декабрында Хожентке кайрадан конокко чакырып, барымтага алган. 

"Конокко барып кайра Ошко жөнөйүн деп жатсам "Оштогу бир досума белек берип жиберейин, үйгө жүр" деп калды. Жаман оюм жок бардым. Ошол жерден 28 жаштагы Хаким аттуу уулу темир менен башка чапты. Анан дагы бир тажик жараны бар экен ошол үчөөлөп мени тепкилей башташты. Эсимди жоготуп койдум. Өзүмө келип ойгонгондо бычак такап "карызым бар эле акча салгыла деп айт" деген буйрук берди", — деди Калбаев.

Ал белгилегендей Набиев анын инисин Хожентке чакыртып, аны менен кошо барымтада жаткан дагы бир Фархад аттуу тажик жараны аркылуу сүйлөштүргөн. 

"Мени менен чогуу барымтада жаткан Фархадды иним менен сүйлөштүрүп өзүнүн талаптарын ал аркылуу жеткирип турду. Фархад Набиевден корккондуктан анын сөзүн эки кылбай аткарчу. Ал "Агаңды көргүң келсе 23 миң доллар акча сал. Укук коргоо органдарына кайрылсаң бир тууганыңды өлтүрүп коебуз" деп Набиевдин сөзүн иниме айтыптыр. Ошондон кийин иним Ошко барып эле 3 миң доллар салган. Кийин жакындарым дагы 20 миң доллар салышканда аны алууга үлгүрбөй калышты", — деп билдирди Калбаев. 

Ал эми Ош облустук ИИБдин маалымат кызматынын өкүлү Жеңиш Ашырбаев бул иш Кыргызстанда атайылап каттатылбаганын билдирди. 

"Эгер Калбаевдин туугандары Кыргызстандын укук коргоо органдарына арыз менен кайрылганда андай-мындай болуп отуруп убакыт созулуп кетмек. Ал аралыкта жараныбызды өлтүрүп коюшу ыктымал эле. Ошон үчүн консулдуктагы биздин атайын оперативдүү кызмат ыкчам иш алып барып мекендешибизди бошотушту. Алар Тажикстандын укук коргоо органдары менен биргеликте 20 миң долларды банктан алганы келген Фархадды кармап алып ага арыз жаздырышкан. Ошонун негизинде иш алып барылган", — деди Ашырбаев. 

Ал ошондой эле Набиев алгач Калбаев аркылуу башка кыргыз жаранын чакыртууга аракет жасаган деген версия каралып жатканын билдирди.

"Набиев кайсы бир кыргыз жараны ага карыз экенин айтып Калбаев аркылуу аны чакыртууну көздөптүр. Бирок Калбаев аны чакыруудан баш тартып койгону үчүн аны кордоп, кыйнаптыр. "Чакырбасаң өзүң төлөйсүң" деп акча талап кылган. Бирок мунун аныктыгы тергөө иштери аяктагандан кийин белгилүү болот", — деп кошумчалады Ашырбаев. 

Ош шаарындагы жеке менчик ооруканасынын урологу Талантбек Акматалиев бейтаптын учурдагы абалы канааттандырарлык экенин билдирди. 

"Бейтап бизге келгенде башынан өткөн окуясын айткан эмес. Иштин чоо жайын бүгүн гана уктум. Текшерүү учурунда баш мээси чайкалганы же дагы башка нерсе катталган эмес. Бул убакыттын өтүп кетишине байланыштуу болушу мүмкүн. Мисалы жетим кабырга деген бар ал сынса өзү эле бүтүп калат. Бейтапты убагында текшергенде көп нерсе чыкса керек. Бөйрөгү шамалдап калыптыр аны учурда дарылап жатабыз. Абалы канааттандырарлык", — деди дарыгер.

Ал ошондой эле бейтаптын анализдери кайталап тапшырыларын белгиледи. 

Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева Калбаевдин туугандарынын кайрылуусунан кийин Кыргызстандын Тажикстандагы консулу өлкөнүн укук коргоо органдары менен жолугушканын билдирди. 

"Тажикстандын укук коргоо органдары Набиевге кылмыш ишин козгоо үчүн тиешелүү материалдарды даярдап жатышканын консулга билдиришти. 29-декабрда биздин консулдун катышуусунда Калбаев бизге өткөрүлүп берилди", — деди Кулукеева. 

Ал ошондой эле жабырлануучу 30-декабрда туугандары менен кошо мекенине кайтканын кошумчалады.

Булак: "sputnik.kg"

Последние новости