www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ак үй - бул Жээнбековдун менчиги эмес, элдин байлыгы, Кыргыз деген мамлекеттин бардыгын, дүйнө жүзүндөгү өлкөлөргө тете мамиле куруп, ал жерден Кыргыз мамлекети башкарылып жаткан имарат. Мындай пикирин элдик Дарыгер Хашим Зайналиев азыркы абал тууралуу социалдык тармакка жазды. “Мен багымдатты эртерээк окуп эле Ак үйгө чуркап бардым. Мен барганда Ак үй митингчилердин колуна өткөн экен. Ак үйдүн 3-4 этажы өртөлүп жатканын көрүп, күн чыгыш тарабындагы эшиктен кирип, эл-журт жана пожарниктер менен кошо 3-4 этаждагы өрт өчүрдүк, андан кийин 7 этажды өчүргөнгө катыштык. Мен чыгып баратканда жана кайтканымда Ак үйдүн ар бир эшиктери талкаланганын, терезелердин жана столдордун сынганын, компьютерлерди жарактан чыгарышканын, документтердин чачылып жатканын көрүп, зейним кейиди!!!! Оо, эл-журт!!!! Ак үй - бул Жээнбековдун менчиги эмес, элдин байлыгы, Кыргыз деген мамлекеттин бардыгын, дүйнө жүзүндөгү өлкөлөргө тете мамиле куруп, ал жерден Кыргыз мамлекети башкарылып жаткан имарат. Ал Кыргыз журтунун - символу. Ал Кыргыз мамлекетинин - жүрөгү. Ал кыргыз элинин ыйык жери!!! Аа, Силер эмне кылып жатасыңар!!! Сен сындырган Ак үйдүн эшиги, терезеси, стол, стул жана эмеректери - сага эмне жамандык кылып жатат??? Мен кайрылат элем. Оо, Ак үйдүн азаматтары!!! Силер ыйык жерде туруп, өз столуңду, кабинетиңди кантип коргобойсуң??? Өзүң жазып жаткан мамлекеттик документи кантип коргобойсуң? Эмнеге? Силер ушул күнгө чейин мамлекет үчүн эмес, канча жеймин, кантип жеймин, канча аламын, кантип из жашырамын деп иштедиңер беле???? Аттиң, биз кыргыздар - эмне болуп баратабыз??? Биз мусульман болуп, кафир кейип менен жашайбызбы??? Ойлонгула!!! Эмне болуп баратасыңар?” – деп жазган элдик дарыгер Зайналиев.

Мен багымдатты эртерээк окуп эле Ак үйгө чуркап бардым. Мен барганда Ак үй митингчилердин колуна өткөн экен. Ак үйдүн...

Опубликовано Хашимом Абдирахманович Зайналиевым Понедельник, 5 октября 2020 г.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости