www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Кыргызстандагы аскер-аба базасына кирчүлөр төмөнкүлөр:

1. Кант шаарындагы «Кант» авиабазасы,

2. Каракол шаарындагы байкоо жүргүзүүчү база,

3. Чалдовардагы байланыш түйүнү,

4. Майлуу-Суу шаарындагы автоматтык сейсмикалык пункт.

Мурун ар бир обьект өз алдынча болчу. 2012-жылдан баштап бириккен база. 2019 –жылдын 28-мартынан баштап кол коюлган келишим боюнча Чалдовардагы байланыш түйүнү 811,2 гектардан  851,2 гектарга чейин, Каракол шаарындагы байкоо жүргүзүүчү база 55 гектардан  73,3 гектарга чейин көбөйгөн. Базанын аймагы  58,3 гектарга ( же 583 миң квадрат метрге​) өскөн.

Орусия ар бир квадрат метр жерге 50 цент же 0,5 доллар төлөйт. 58,3 гектарга кошумча 291 миң доллар кошулат.Буга чейин ижара баасы 4,5 млн доллар болсо, эми  4,79 млн долларга көбөйдү. 2014-жылы чыгып кеткен Ганси авиабазасы 60 млн доллар төлөй турган.

Акыркы мезгилде Баткенге да база курулат деген сөз көбөйүп баратат. Бул сөзгө Орусиядагы элчибиз Аликбек Жекшенкулов да кошула калып жүрөт. Орусиянын Коргоо министри Шойгу да шойкомдуу сөздөрү менен кошула калат.Негизи Баткен үч мамлекеттин кошулган жери, хизбутчуларды толорсуктан ушул жерден алса болот,Путин акебиз эмне дээр экен?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости