www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин 3-чакырылышынын депутаты, милициянын отставкадагы полковниги, Номанжан Аркабаев Кыргызстандыктарга кайрылуу жазды.
--Урматтуу мекенчилдер, кыргызстандыктар! Садыр Жапаров өз кызыкчылыгын ойлогондо бир тал чачы түшпөстөн, 6-же 7-кабатта тамырлап кеткен арам тамактардын катарында жыргап отурмак. Бирок, ал элим деп, Кыргызстаным деп, анын эртеңки жаркын келечеги деп, жети баштуу ажыдаарга каршы чыгып, азап тартып отурат.
Мындан 1 ай мурда Бишкекте "Саясий туткундарга эркиндик берилсин" деген темада форум өткөрүлүп, анда чыгып сүйлөгөндөрдүн бардыгы Жапаровду колдоп сүйлөштү. Садыр Нургожоевич менен катар Текебаев ж.б. Алкаш Алешага каршы чыккан көптөгөн ак жерден күйгөн, жалаага кабылып, зынданга ташталган азаматтардын аттары аталды.
Садыр Нургожоевич өлкөнү өлөсө кылып канын соргон кыргыз бийлигин катуу сынга алуу менен гана чектелип калбастан, жаннаттай болгон Кыргызстандын экологиясын талкалаган, кыргыз бийлигин ач, каңгып калган иттей кылып жетелеп алган эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун ишмердигин, ага сатылган биздин жетекчилердин мыйзамсыз аракеттерин ашкерелеп чыкты.
Кумтөр трагедиясы, таза суунун булагы болуп келген миңдеген жылдык мөңгүлөр трагедиясы өлкөбүздүн элин гана кыргынга учуратпастан, ошону менен бирге кошуна Казакстан менен Өзбекстандын элдерин да геноцидге учуратаарын айтып чыкты. Мындай масштабдуу ой жүгүртө алган, адамзат башына жакындап келип калган эртеңки коркунучту көрө билген жана адам укугун коргоо үчүн өз өмүрүн тобокелге салган Садыр Жапаров эл аралык Нобель сыйлыгын алууга татыктуу деп эсептейбиз жана бул сунушту колдоп берүүңүздөрдү суранабыз, урматтуу мекенчилдер!
Бардыгыңыздарды терең урматтоо менен: Нематжан Акматжанов - СССР Жогорку Советинин 9-чакырылышынын депутаты, эмгек ардагери. Номанжан Аркабаев - Жогорку Кеңештин 3-чакырылышынын депутаты, милициянын отставкадагы полковниги.
Булак: NazarNews.kg