www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент А. Атамбаев эл алдында сүйлөп жатып, эмоциясын кармана албай, көпчүлүк учурларда нормалдуу адам оозго албай турган сөздөрдү сүйлөп жибере турганы жашыруун деле эмес. «Сасыктар», «чимкириктер» деген сыяктуу сөздөрдү мамлекет башында алты жыл турган адамдын сүйлөгөнү эч кандай акылга сыйбай турганын белгилүү. 

Көрсө, АШАнын психикалык жактан саламаттыгы өтө начар тура. Бул тууралуу Казакстандын учурдагы президенти, мурдагы Сенаттын спикери Касым-Жомарт Токаев да убагында өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыккан болчу. Анда АКШнын элчисинин түрк докторлорунун тыянагына таянып, А. Атамбаевдин психикалык жактан жабыркай турганын жана спирт ичимдиктерине жакын экендигин Викиликске жарыялаганын эске салган. Анан ал «Демек ошондо баары түшүнүктүү. Болгону ага саламаттык каалоо гана калат» деген эле ал. 

Чындыгында эле АШАнын психикалык жактан жабыркай тургандыгы акыркы убактарда көбүрөөк билине баштады. Ал өзүнүн алты жылдык президенттик мөөнөтүндө жасаган коррупциялык иштеринен жазасыз кутулуу үчүн элдин ынтымагына доо кетирип, элди түндүк-түштүккө да бөлгөн сөздөрүн айтууда. Курал-жарагы бар экенин айтып, аны менен коргоно турганын да билдирди. Айтор, ал мыйзамга баш ийбей турганын ачык эле айтып келет. Мындайды психикасы соо адам айтпайт эмеспи?

 

Последние новости