www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эптеп, Форумдун алдындагы митинг дегенди ойлоп табышып, Кой Таштагы үйүндөгү элди шаарга жеткизип, алар кетеери менен шап эткиче үйдү бекитип салышты көрүнөт! Митингдин деле эң биринчи максаты Кой Таштагы шоуну жабуу болуш керек! Болбосо, Кой Таш индиялык көп сериялык фильмге айлана баштаган, жаңы эч нерсе жок! Мындай пикирин Алмазбек Акматалиев жазып чыкты.
“Чоң саясатчылар, же барандуу жаштар лидерлери кошулабы деп ойлогон, бирок өзүнүн өкүл баласы жана Кой Таштык бир кайнисинен башка эч ким кабар сурабаса... Анан да, АША менен Раиса апчебиз деле тажады да: күнүгө жүздөгөн адамдар экскурсияга келгенсип эле короодо ары бери басып жүрүшсө, аларды багыш керек, күнүгө кечинде чыгып, алар менен сүрөткө түшүш керек, күлүш керек, өзүң араң турсаң да элге калп да болсо дем бериш керек... Чарчады Алмаз Шаршенович, митингде сүйлөгөн сөзүндө бул кадимкидей билинип турду. Анан да, аялың Раиса жөнүндө да жаман маалыматтар чыгып жатса, жаныңда Карамушкина менен Артыковдон башка бир барандуу адам жок болсо, таянганың Мээрбек болсо, болочок элитаң ыйлаак балдар болсо... Андан көрө штабды жаап коюш керек деген ойго келди да акыры”, деп кошумчалаган Акматалиев.
Булак: NazarNews.kg