www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия менен диалог эл аралык укуктун универсалдуу принциптерине негизделсе, Украина ага каршы болбойт. Бул тууралуу Владимир Зеленскийдин маалымат катчысы Сергей Никифоров билдиргенин РИА Новости жазды.

"Украина сүйлөшүүлөрдөн баш тартпайт. Бирок бул сүйлөшүүлөр белгилүү бир катар принциптерге негизделиши керек", — деген Никифоров.

Анын айтымында, кеп БУУнун уставын урматтоо, аймактык бүтүндүк жана суверенитет, укуктун үстөмдүгү тууралуу болууда.

"Эгерде сүйлөшүүлөр ушул принциптерге негизделсе, менин оюмча, Украина мындай сүйлөшүүлөргө кылдаттык менен мамиле кылат", — деп сөзүн жыйынтыктаган маалымат катчы.

Буга чейин Владимир Зеленскийдин кеңсе башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк чатакты токтотуу боюнча Киевдин шарттарын жарыялаган. Анын айтымында, согуштук аракеттер "орустар Украинадан чыгып, Крымдагы уурдалган үйлөрдү жана батирлерди украиндерге кайтарып, атайын операциянын авторлорун өткөрүп бермейинче" токтобойт.

Зеленский да Орусия менен сүйлөшүүлөр тууралуу бир нече жолу айткан, бирок билдирүүлөрү бири-бирине карама-каршы экени маалым. Диалог болушу мүмкүндүгүн жокко чыгарса, бир туруп сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн шарттарды коюп келет. Дипломатиялык байланыштарды коомчулукка жарыялоону талап кылган учуру да бар.

Москва сүйлөшүүлөргө даяр экенин бир нече жолу билдирген. Бирок Киев аларга мыйзам менен тыюу салган. Владимир Зеленский буга чейин G20 жыйынында "Минск-3 болбойт" деген. Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков мындай сөздөр Киевдин сүйлөшүүгө даяр эместигин билдирерин айткан.

Орусия 2022-жылдын 24-февралынан тарта Украинада атайын операция жүргүзүп келет. РФ президенти Владимир Путин ал "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" максатын көздөйт деген. Түпкү максат Донбассты бошотуу жана Орусиянын коопсуздугуна кепилдик берген шарттарды түзүү экендигин баса белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости