www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алты күндөн бери Майлуу-Суу шаарында кырдаал оор бойдон калууда. Мындай пикирин депутат Бактыбек Сыдыков бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Мен кечээ ал жактагы жетекчилер менен байланыштым. Бирок алардын маалыматы муниципалдык кызматкерлердин маалыматы болуп жатат. Ал эми, эл башкача сөздү айтууда. Аталган маселе боюнча жыйынтык чыгарабасак, абал өтө оор. Трубалар жарылып, саркынды суулар агып, ал жакта азыр жашоого мүмүкүн болбой жатат. Алты күндөн бери 30 миң калкы бар шаарда суу жок, же жылуулук жок. Элдер 3-4 күндөн бери митингге чыгып жатышат. Учурда өкмөт башчы Акылбек Жапаров иш сапары менен Жалал-Абад облусунда экен. Бүгүн өзү аталган шаарга барып эл менен жолугушуп, үнүн уксунчу. Эл чындыкты айтат. Шаар жетекчилиги кандай иш алып барып жатат? Бул эмне деген даярдык? 20 градус суукту эми көрүп жатабызбы?", - деди депутат.

Ал эми, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев кечээ өкмөт башчы менен сүйлөшкөнүн билдирди. Анын айтымында бүгүн Акылбек Жапаров Майлуу-Суу шаарына барып, эл менен жолугууну убадалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости