www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы Малик Аликеевдин сөөгү 19-январь күнү өзү туулуп өскөн Таластын Көпүрө-Базар айылында жерге берилет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Эскерте кетсек, көптөн бери ооруп жүргөн таланттуу өнөрпоз 17-январь күнү кайтыш болгон.

"Малик Аликеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 2022-жылдын 19-январында саат 10:00дө киндик каны тамган Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылында өтөт", — деп айтылат маалыматта.

Аликеев 54 жашта эле. "Мөлмөлүм", "Арзыкан", "Таласым" сыяктуу ырларды ырдап чыгып таанымал болгон. Филармониянын алдында түзүлгөн "Эл ырчысы Эстебес" тобунда 16 жашынан бери ырдап келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости