www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Россияга болгон иш сапарынын алкагында Владивостокко барат, анда Коргоо министрлиги аркылуу ага Тынч океан флотунун мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлөт, ошондой эле Ыраакы Чыгыш федералдык университетине барат жана Россия илимдер академиясынын айрым объектилери менен таанышат. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин «Россия 1» телеканалында билдирди.

«Алдыда төраганын чоң программасы турат. Ал азыр да бул жерден Комсомольск-на-Амуредеги жарандык да, аскердик да авиациялык техника чыгарылган заводдорго барат», - дейт Путин. 

Эске салсак, бүгүн, 13-сентябрда Путин менен Түндүк Кореянын лидери Амур аймагындагы Чыгыш космодромунда сүйлөшүү өткөрүштү.

Белгилей кетсек, Түндүк Кореянын лидери Россияга 2019-жылдан бери биринчи жолу келип жатат, ал Россия Федерациясына өзүнүн атактуу брондолгон поезди менен келди. 

Ким Чен Ынды сапарда Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Чхве Сон Хи, Эмгек партиясынын Борбордук Комитетинин аскерий администрация бөлүмүнүн башчысы Пак Чон Чхон, Борбордук аскердик комиссиянын башчысынын орун басары Ли Бён Чхоль коштоп жүрөт.

Булак: NazarNews.kg 

 

 

Последние новости