www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын эмне үчүн өлкөдө коронавирус менен ооругандар катталбаганын түшүндүрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Ким Чен Ын бейшемби күнү Эмгек партиясынын борбордук комитетинин саясий бюросунун жыйынына катышкан.

Анын айтымында, бул Эмгек партиясынын ишинин жана калктын биримдигинин аркасында ишке ашкан.

“Урматтуу улук лидер, алты айлык өзгөчө кырдаалдагы эпидемияга каршы күрөшүү ишин өзгөчө талдап чыгып, дүйнөлүк саламаттыкты сактоодогу кризиске карабастан, биз коркунучтуу вирустун аймакка кирүүсүн толугу менен токтотуп жатабыз жана эпидемияга каршы туруктуу абалды сактайбыз", - деп билдирген борбордук көзөмөл комиссиясы.

Ал эми Ким Чен Ын бул ишти сыймыктуу жетишкендик деп эсептеп, партиянын борбордук комитетинин башкаруу жөндөмү жана буйруктар боюнча иш алып барган элдин биримдигинин аркасында ушундай жеңиш болгонун баса белгиледи.

Расмий маалыматтар боюнча, Түндүк Кореяда коронавирустук инфекциянын бир дагы учуру каттала элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости