www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлдабекова шайлоодо учуп жүрүүгө көрсөтмө бердиби?

Шайлдабекованын айткандарын эч ким деле түшүнө берген жок. Андан көрө Шайлдабекова кыскача, кыргызча эле учуп жүргүлө десе, бир –аз таасирдүү болуп, элдин бары шак түшүнмөк. Орусиянын БШК жетекчиси Элла Памфилова эч кандай түшүндүрүүсү жок эле, Орусиянын Конституциясына оңдоо кийирүүгө коронавирус болуп жатканына карабай элди добуш бердирди: орусиялыктардын 67 пайызы катышып, 78 пайызга чукулу Конституцияны оңдоого макул болду.

Кыргызстанда парламенттик шайлоого старт берилди. Жетинчи чакырылыштагы депутаттарды шайлоо 2020-жылдын 4 –октябрына дайындалды. Саясий партиялар талапкердин тизмеси жана башка керектүү документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына 24-августка чейин бериши керек. Шайлоого катыша турган партияларды каттоо 3-сентябрда аяктап, 4-сентябрда үгүт иштери башталат.

 Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова күзүндө өтчү парламенттик шайлоодо эпидемиологиялык кырдаал эске алынып, тиешелүү чаралар көрүлөрүн ЖМКларга билдирди. Коронавируска байланыштуу өлкөдөгү кырдаалдан улам санитардык-гигиеналык талаптарга көңүл бурулат.

Элдин башын айлантып: “Шайлоодогу бардык баскычтарды эске алып, ошого жараша иштер жасалат. Эң биринчи кезекте жарандардын ден соолугуна зыян келтирүүчү тобокелдиктер жөнгө салынат. Андыктан ар бир баскычта санитардык-эпидемиологиялык чаралар боюнча комплекстүү иштер жасалат. Атайын алгоритм да иштелип чыккан. Добуш берүү күнү өзгөчө көңүл бурулат», - деди Шайлдабекова.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости