www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-июлда орус-казак чек арасында топтолуп турган борбор азиялык 200дөн ашуун мигрант Казакстанга алып бара турган чоң жолду тосууга аракет жасашты. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Күбөлөрдүн айтымында, жол тоскондорду полиция кууп тараткан. Натыйжада тартип сакчылары менен мигранттардын ортосунда тирешүү болуп, полициячылар бир нече кишини резина союлдар менен сабашкан. Бирок Оренбург облусунун Бузулукский районунун полициясы бул маалыматты четке какты.

Полициянын маалыматына караганда, Бузулукский районуна жакын чек арада борбор азиялык 200дөй мигрант турат.

Мигранттар болсо Оренбург облусунун ар кыл аймагында миңге чукул өзбекстандык топтолуп калганын билдиришүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости