www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын элинен кечирим сурады

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 25-сентябрда Түштүк Кореянын аткаминерин өлтүрүп алышканы үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу polit.ru жазды.

“Төрага Ким Чен Ын күтүүсүз жана кайгылуу окуядан улам президент Мун Чжэ Инди жана Түштүк Кореянын калкынын көңүлүн иренжитип алганына абдан өкүнөт”, - деген Түндүк Корея тараптын билдирүүсүн Мун Чжэ Индин кеңешчиси Сух Хун окуду.

22-сентябрда Сеул түндүгүндөгү коңшусун түштүк кореялык аткаминерди атып өлтүрүп, денесин өрттөп жибергени үчүн айыптаган.

Өлтүрүлгөн адам 47 жаштагы Түштүк Кореянын Океандар жана балыкчылык министрлигинин кызматкери экени расмий кабарланган. Ал текшерүү жүргүзгөнү Түндүк жана Түштүк Кореянын суудагы чек арасына барганда дайынсыз жоголуп, кийинчерээк сөөгү табылганы маалым болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости