www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков жумушчу иш сапары менен 28-сентябрда Россияга, андан ары 28-29-сентябрда расмий визит менен Венгрияга барат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлады.

Белгилей кетсек, аталган сапарлар тууралуу Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен онлайн кеңешме өткөрүп жатканда сөз болду.

Ошондой эле Жээнбеков Россия лидери Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөрү айтылды.

"Ошол эле күнү Жээнбеков Венгрияга расмий визит менен барат. Сапардын алкагында президент Венгрия премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушат, анда кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташуусунун учурдагы абалы менен келечеги талкууланат", — деп айтылат билдирүүдө.

Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюлат. Ошондой эле Венгрия президенти Янош Адер жана Улуттук Жыйындын спикери Ласло Көвер менен жолугушуулар күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости