www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин кызматкерлери экологиялык акция уюштуруп, Ысык-Көлдөгү таштандыларды тазалашты.

Аталган ведомствонун маалымат кызматынан билдиришкендей, көлдүн түбүндөгү жана жээгиндеги таштандылар чогултулган.

"Тору-Айгыр жана Бостери айылдарындагы көлдүн түбүнөн бир тоннадан ашык таштанды жана 100 даана балык кармаган тор табылган", — дешти агенттиктен.

Белгилей кетсек, дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында уюштурулган иш-чарага дайверлер катышкан. Алар суунун түбүнөн көбүнчө желим бөтөлкө, балык кармаган тор жана пакеттерди алып чыгышкан.

"Балык уулоочу торлор арзан жана жеткиликтүү болгондуктан адамдар аларды көлгө таштап кетип калышууда. Сууда калган торлор куштар үчүн кооптуу", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Ысык-Көлдөн жалпы жонунан беш тонна таштанды чогултулуп, аны кайра иштетүү үчүн Балыкчыдагы атайын жеке ишканага берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости