www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ата-текти билүү үчүн кыргыз элинин өзүнүн философиясы болгон. Кыргыздар төрт жаштагы баланы байыртан жети атасын тааныта баштаган. Мунун себеби, башка жакка бала кезиннде туткундалып кетсе да, көкүрөгүндө жети атасы калып, акыры өз элин таап келсин дегени болсо керек. Кыргыз элинин жети атаны оозеки битлиши  анын паспорту болгон. Бирок кыргыздар армян, грузин сыяктуу фамилияларды алып жүргөн жок. Аларда “-ян”, “-швили”, “-дзе” менен бүтүруп улуттары фамилиялары менен эле таанымал болот. 1990-жылы Кыргызстанда “уулу”, “тегин” деген аттар кошулуусуна мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Азыркы парламенттик тизмени карап көрсө болот, канча адам “уулу”, “тегинди” алды экен? Мына кореец наамындагы Ким Ин Сен канча жылдар чет мамлекетте жашаса да өз фамилиясын алып жүрөт. Ал эми бир кылым Орусиянын карамагында болгон кыргыздар “-ов”, “-ев” деген орустардын фамилиясынын чыга албай турабыз.

Кыргызстандын экинчи борбору болгон Ош шаарыбыздын көчөлөрүнүн бирине кытайбы, кореецпи Сунь Ят Сен аттуу бир адамдын аты берип салдык. Ал эми Дэн Сяопиндин атын кадам сайын көчөгө койо бергенбиз. Түбү түшкүр дүйнө, өзүбүз башка өлкөлөрдө өгөйлөнүп мигрант болуп эмгектенип, башка улуттарды кытайларды, кореецтерди  мекенибизге киргизип иштетели, анча-мынчасын алардын кол астына жумушчу кылып салып берели, бизнес ачтыралы, метирке, паспортун колуна карматып жарандык берели.

Көчөнү, кафени, ресторанды иероглиф менен кооздойлу. Алар эмне деп жазып жатат, бары бир түшүнбөйбүз да. Бир учурда ушул эле Кыргызстанга кытай бизнесмени келип ресторанына иероглиф менен “Бешинчи колониябыз” деп жазып алыптыр. Бул жазуу кытайча билген кыргыз аркылуу ашкереленип, катуу чуру-чуу болгон.

Бул аздык кылып жатат эми буларды депутаттык кылып барыбыз баш ийкеп анын айтканына макул болуп берели. Анткени Конституциябыз боюнча өто толеранттуулугубуздан башка элдерди сыйлап мыйзамдуу орун берип жатпайбызбы?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости