www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Замандын талабына ылайык учурда мобилдик телефон колдонбогон, ал тууралуу маалыматы аз адамдар абдан сейрек. Ар нерсенин эки тарабы болгон сыңары канчалык көп пайда алып келбесин, ошончолук зыянга дагы ээ болгон уюлдук телефон жана смартфондорду көп колдонгонубузда ден соолугубуз кандай таасирлерге дуушар болот?

Мобилдик телефонду көп колдонуу, бат-баттан смс жазышуу ийин, моюн жана баш ооруларын пайда кылат. Телефонду кароо үчүн башыңыз ийилгенде баштын салмагы омурткага жүк келип дене-бойду түз алып жүрүү акырындан начарлай баштайт.

Отурган абалда телефонду болушунча алыс аралыкта кармаңыз. Заряд толтуруу үчүн телефонду бош бөлмөгө сайганыңыз сиздин, үйбүлөңүздүн ден соолугу үчүн, ошондой эле жаратылыш үчүн да пайдалуу.

Кош бойлуу мезгилде телефон колдонбоо керектигин белгилеген адистер, тынымсыз телефон колдонуу организмдин радиацияга учураарын айтышат. Өтө көп колдонгондо бойдон түшүп калуу коркунучу байкалышы мүмкүн экендигин дагы эскертишет.

Телефондун үнүн акырын чыгарып угуу сизди дүлөй кылбайт, бирок тынымсыз катуу чыгарып укканда кулактын ичинен мээге үн толкундарын жиберген клеткаларга зыянын тийгизет. Бул клеткалар зыянга учураса, узак убакытка угуунун жоголушу пайда болот.

Телефон аркылуу тынбай смс жазышуу же оюн ойноо билек жана манжа булчуңдарын чарчатып, ооруларды пайда кылат.

Учурда көп катталган көкүрөк рагы оорусунун эң башкы себептеринин бири радиация болуп саналат. Буга ылайык уюлдук телефон аталган рак оорусунун пайда кылууга жөндөмдүү экендигине байланышкан пикирлер дагы бар.

Жалпы божомолдоолор боюнча кичине кезинен тартып телефон же радиация таратуучу шаймандар менен өскөн балдардын акыл-эси башкаларга салыштырмалуу аз болот. Адистер 12 жана 21 жашка чейинки аралыкта өнүгүү процесси жүрүп, бул мезгил аралыгында телефон колдонбоо керек экендигин айтышат.

Телефон колдонуудагы катачылыктар кийинки мезгилдерде бир эле сиздин эмес, жакын чөйрөңүздүн генетикасын бузганга чейин алып келет. Улам арткан радиация ж.б. себептерден улам келечекеги муун, төрөлгөн балдар телефондун айынан сизде пайда болгон ооруларды алып жүрүшөт.

Учурдун талабына ылайык телефон колдонбоо мүмкүн эмес. Ошентсе да, колдонуу учурунда өзүңүздөн алыс кармап, кыска убакытка колдонуңуз. Түндө уктаарда жаздыктын алдына коюп же керебетке коюп уктаганда түнү бою андан алган радиация жүрөк, гипертония ооруларына, ошондой эле кабыл алуунун бузулушуна алып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости