www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы Турсунбай Бакир уулу социалдык тармакта таркап кеткен имиштер боюнча жооп берди. Анын кайрылуусун өзгөртпөй беребиз.

“Кечээ күндөн бери «Ажы аке, амансызбы?! Жаман кабар уктук…» деген телефон чалуулар Кыргызстандын жана дүйнөнүн ар бурчунан болуп жатат. Жөнөтүлгөн шилтемеге кирсем – «Адахан Мадумаровдун жигиттери Турсунбай Бакир уулуну сабап кетишти» деп журналисттер сарсана болуп жазышыптыр.

Мен Адахан инимдин жубайын тааныймын ырааматылык байбичем менен дос эле, тунгуч Акыйкатчы (Омбудсмен) болуп иштеп жүргөнүмдө колумда иштеген болчу. Бирок Адахандын жигиттерин тааныбайт экенмин.

Эч ким сабаган жок. Сабайбыз дешкенде да «Аллаху Акбар» деп кеминде ошол жигиттердин 3-4 өзүм менен алып кетип шейит кете берет элем. Өлүмдү көп көрдүм – анын ичинде Баткен согушун токтотуу, Кыргызстаныма кол салган ИДУнун можахеддерин жергебизден чыгарып салуу жана алардын туткунунан кыргыз менен жапондорду бошотуу үчүн Ооганстанда жана Тажикстанда «Талибан» жана ИДУ боевиктеринин колунан өлүүдөн Аллахым төрт жолу сактады. Мусулман катары өлүмгө даярмын. А мени сабайбыз дегендер өлүмдү бир жолу көрүштүбү?!

Кымбатту ага-инилер, эже-карындаштар жана уул-кыздарым, чындык үчүн күрөшүш өтө кыйын. Чындыкты сүйгөңдөр аз. Ошондуктан көбүнчөсү бийликке жакпай 2008-2009 жана 2015-2020 жылдары жумушсуз калып жүрөмүн. Мен капа эмесмин, баары Аллахымдын буйругу менен болот да. Бул сыноолорду туура кабыл аламын. Бирок эч кимге укугумду жана көз-карандысыз өлкөмдүн тарыхында тунгуч саясий партиясы болгон «ЭрК» («Эркин Кыргызстан») партиясынын (минюсттан расмий каттоодон 1991 жылы 4-октябрь куну откон) укугун эч кимге тебелетпеймин! Канча жолу бийлик менен соттоштум, баарын утуп келгенмин.

Азыр болсо бизди өзү чакырып, партиябыздан талапкерлерди тизмесине кошуп, өзүнүн партиясынын 13-курултайында бизди ЖК депутаттыгына талапкер катары тизмеде делегаттардын добушу менен бекитип (84 – макул, 1 – каршы) курултай эртеси олигархтар жана коррупционерлер менен кабинетинде отуруп алып тизмени өзгөртүп, анан чындыкты бетине айткан мени жана ЭрКчилерди тизмеден жылдырып, анан БШК га тапшырып жаткан тизмеден алып салган «Бутун Кыргызстан» партиянын лидерине таң калып жатабыз.

Чындык жана мыйзамдуулук үчүн күрөшкөн мени агентке чыгарып, зомбилерине социалдык желелерде талатып (85% – фейк аккаунттар), бир гана өзүмө эмес,  кичи балдарымдын энесине уят сөздөрдү жазып, өлтүрөбүз деп коркутканы эмнеси?!

Кудайга шугур, бийликке СССР доорунан каршы болуп, азапты бир гана өзүм эмес, ата-энем, бир туугандарым, балдарым, досторум, пикирлештерим, партиялаштарым тартып келүүдө. Баарына чыдаймын, анткени бул саясий жолду өзүм тандап алганмын. Бирок үй-бүлөөмө, туугандарыма жана пикирлештериме асылгандарга ким болбосун мен туруштук бере аламын. Кам санабагыла!”, – деп жазган Турсунбай Бакир уулу. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости