www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Манас" аэропортунда уурулук жасоого шектелген адамды табышып коюуну суранып, милиция кызматкерлери видеосун жарыялады.

Алардын билдиргенине таянсак, 2019-жылдын 13-ноябрында Т.У. аттуу жүргүнчү металлодетектордон өтүп жаткан кезде өзүнүн жеке буюмун унутуп кеткен. Бир нече убакыттан кийин көзөмөлдөн өтүп жаткан башка киши, ал буюмду көрүп алып койгон.

Аталган факты  Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Уурулук" беренеси боюнча каттоого алынган.

Эгерде шектүүнү көргөн-билгендер болсо 0 (312) 69-35-35, 0 (555) 65-11-88 номурлары аркылуу милиция кызматкерлерине кабарлап коюуну суранышат.

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости