www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзүнчө топтун кызыкчылыгы мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору болбошу керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы жазып чыкты.

«Жергиликтүү тургундардын арасында Ат-Башы айылындагы логистикалык борбордун курулушу тууралуу биз тараптан ар кандай түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Биз алар менен сүйлөшүү жүргүзүлгөндүктөн Ат-Башы эли бул курулушту колдойт деп толук ишеним менен айта алабыз. Жаштар азыр туруктуу киреше ала турган жерде иштегиси келет. Бул маселени терс багытта болгону бир 20-30 адам көтөрүп, элди дүрбөтүп жатат. Долбоорду дыкат билбеген адамдар гана алардын чакырыктарын колдоп жатышат. Ошондуктан, урматтуу депутаттар, мүмкүнчүлүк бар болсо сиздер да эл менен жолугуп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, долбоордун маанилүүлүгүн айтып берүүңүздөрдү суранып кетет элем», - деди Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, бул долбоорго 280 млн АКШ долларын салып жаткан инвестор «Нарын» Эркин экономикалык аймагынын субъекти болуп эсептелет, андыктан ал тиешелүү мыйзамдын негизинде иш алып барат.

«15 миң иш оруну жөнүндө сөз болуп жатат. Азыркы тапта аймактык администрацияда ал борборго жумушчулардын тизмесин түзүп жатышат. 10 миң иш орун дейличи орточо эсептегенде 15 миң сом айлык акысы менен, ошондо эле ай сайын 150 млн сом бөлүнөт экен. Бул жаман эмес да. 17 жылдан бери ушул аймакка борбор курулат деген сөз болуп келүүдө, бирок азыркыга чейин бул сөз ишке ашырыла элек. Болбосо өлкөгө олуттуу пайда алып келет эле», - деп белгиледи Өкмөт башчы. 

Премьер-министр эске салгандай, логистикалык борбордун салынышы менен республиканын ар бир аймагыгын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жакшырат.

«Логистикалык борборду куруу - аймактардын өнүгүшүнө, инвестицияларды тартууга, өндүрүштү түзүүгө, транспорттук инфраструктураны оңдоого, туризм жана санаториялык чөйрөнү жакшыртууга түрткү болот», - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости