www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте шаардык милиция кызматкерлери тарабынан жарнама баннерлерин уурдоого шектелгендер кармалды. Бул тууралу NazarNews маалымат агенттигине Октябрь ИИБнин басма сөз катчысы билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-январда Октябрь ИИБне шаар тургуну Х.И. жаран арыз менен кайрылган. Ал өз арызында Жукеев-Пудовкин менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен саат 14:00дө баасы 30 миң сом турган эки жарнама баннерин уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Уурулук” беренеси боюнча катталып, кылмыш иши козголгон.
Октябрь ИИБнин кызматкерлери тарабынан тергөө иши жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган К.Н, 1987-жылы туулган К.Р, 1989-жылы туулган И.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда сотко чейинки тергөө иши жүрүп жатат.
Октябрь ИИБи сүрөттө көрсөтүлгөн жарандардан жабыркагандар болсо, төмөнкү номурларга кайрылууну суранат:
0(551)102-901, 0554102707 жана 102.
Булак: NazarNews.kg