www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балдар онкологиялык борборунун курулуп бүтө элек имараты чоңдордун гематология бөлүмүнө берилмей болгонун Онкология жана гематология улуттук борборунун жетекчиси Эрнис Тилеков жергиликтүү булактардын бирине билдирди.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын октябрь айында Кыргызстанда Балдардын онкология жана гематология борбору курула баштаган. Долбоорду 2018-жылдын сентябрь айында бүткөрүү пландалган. Бирок, ал жылдын май айында "каржы бөлүнгөнгө чейин" деп курулуш иши токтотулган. Ошол учурда имараттын төртүнчү кабаты курулуп калган.

Быйыл Кыргызстандын бийлиги Балдардын онкология жана гематология борборун Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында куруу чечимин кабыл алды. Борбор курулуп бүткөндөн кийин тийиштүү жабдыктар менен жабдылат.

Онкология жана гематология улуттук борборунун жетекчиси Эрнис Тилеков мындай чечимди колдоорун билдирди. Анын айтымында, балдарды онкологдор эмес, педиатрлар карашы керек.

"Онкология менен жабыркаган балдар башка ооруларга дагы кабылат. Дарыгерлер алардын иммундук системасы менен дагы иштеши керек, себеби организм өтө эле алсыз болот. Ушул себептерден улам көпчүлүк учурда балдар бөлүмүнө балдар дарыгерлерин чакыртууга туура келип калат... Башында бул имаратты гематология борборуна айландыруу пландалган. Балдар бөлүмү жогорку же ылдыйкы кабаттарда жайгашмак. Азыркы чоңдор үчүн гематология борбору мурдагы бала бакчанын имаратында жайгашып, оорукана үчүн ылайыкташкан эмес. Учурда биз дагы, мамлекеттик органдар дагы имаратты куруп бүтүрүүгө инвестор издеп жатабыз", — деди ал.

Тилеков ошондой эле жакынкы аралыкта иш алдыга жылып, медициналык борбор курулуп бүтөрүнө үмүт артарын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости