www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирустун өлкөгө киришинин алдын алуу жана өлкө аймагында жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги отурумунда билдирди.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирусту жуктуруу фактысы ырасталган жок. Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал туруктуу.

Ал эми Кытайдын Ухань шаарында коронавирустан каза болгондордун саны 492 жетип, бул оооруну жуктуруп алгандардын саны 24503кө жетти. Бул тууралуу кытай маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда,  вирустун айынан каза болгондордун жана жуктуруп алгандардын саны күн санап өсүүдө. Ошол эле убакта оорудан айыккандардын саны 899га жетти.

Бирок тумоо 26 мамлекетке тарап, ал жактада жуктуруп алган кишилердин саны да өсүүдө. Мисалы, Япония (22), Таиланд (25), Сингапур (24), Гонконг (18),  Түштүк Корея (16), Австралия (13), Германия (12), АКШ (11) жана Тайван (10).

Эске сала кетсек, өткөн жумада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул илдетке байланыштуу глобалдык чукул кырдаал жарыялаган. Бир нече өлкөлөр Кытай менен темир жол жана аба жол каттамдарын токтотуп жатышат. Кыргызстан Кытайдан 18 жаранын өткөн аптада алып келген. Расмий маалыматка караганда, алар азыр карантинге алынган.

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости