www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайра –кайра шайлоо боло берип, элдин деми мурункудай болбой басаңдап калгандай. Мурун президенттик шайлоо болоор алдында Бабановго окшогондор көздөрүн жашылдантып алып Назарбаевдин кабинетинде кезек күтүп отуруп калчу:

1.Садыр Жапаров –Элдин деми аркылуу шайлоого аттанган. Бумеранг принцибине келсек, кечээ Садыр Жапаровду камап, кескилеп рахат алгандар бүгүн өздөрү камалып, андан мунапыс күтүп отурушат. Садыр Жапаров бул шайлоодо толук фаворит, эгер президент болуп келип, мурун өзүн жанчкандарга кечирим берсе, көпчүлүк акчага сатылды деген ойдо калышы мүмкүн.

5. Имамидин Ташов-Биздин кыргызда саясатка толук аралашпай, колунан келишинче эл үчүн кызмат кылгандар бар. Бул президенттик шайлоо Имамидин Ташовдун жүзүн ачууда,анын элге кылган кызматтары санала баштады.

7. Абдил Сегизбаев –Атамбаевдин фигурасы, ал президент кезинде мамлекеттик рулду башкартып койгон «шопурунун» коррупциялык схемаларын ача баштады. Эгер президент болсо каракулжалыктардын терисин тескери сыйрыйт.

8. Адахан Мадумаров –«Анжиянда эжем бар, а да менден  шакылдайт, Бухарада эжем бар-бу да менден шакылдайт»-дегендей, президенттик шайлоо боло калса эле, чыга калып экинчи же үчүнчү орунду алат.

13. Курсан Асанов –Текебаевге кошулганы тили узарып баратат.

14. Арстан Алай - Көз бойомочулукка ишенсек 99 пайыз утат, көз бойомочулукка ишенбесек 99 пайыз утулат.

15. Равшан Жээнбеков –Кайынатасы Алымбай Султанов Атамбаевдин карачечекей кудасы, бу да куда-сөөк жолуна түшкөн.

16. Калмаматов Бактыбек –Келечектен көптү үмүттөндүрөт.

17. Тольбаев Бабуржон –Тагаларынын катта байлыктары президенттикти алып бере албайт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости