www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алты он жылдыкты эбак бөктөрүп койгон, далай бийлик бутактарында ээн-эркин ойногон, эңсегенин жөн койбогон бир үлкөн киши бар болчу. Илибой бийлик келбесин тез эле эбин таап, төрүнө даап кирип барчу. Башындагы мээси лыкылдап жакшы иштегендиктен кызматтын “көркүн” куп чыгарганга жетишкен. Болгону акыркы жылдарда тынчыраак эс алып, анчалык “кемирүүчүлүк” фокустарын жүргүзө албай калган. Анткени мурдагы “жегичтиктери” боюнча эл ичинде узун сабак кеп кеткен.

Ооба, Жантөрө Сатыбалдиевге жергебизде жүз берген төңкөрүштөр ыңгайлуулук жаратты. Тажрыйбалуу кадрды ар кайсы майлуу кызмат бутактарына кудалашты. Колуна тизгин тийген соң ал каалашындай “чилдирманын” нотага салып сайратты. Канча ирет какшап айтылса да түштүктөгү “ийри” салынган курулуштары боюнча үн чыккан жок.

Баягыл эле “акырлаштары” анын бир тал чачына зыянын тийгизбей сактап туруп беришти. Мына эми ошолордун баары чубалып чыкса эмне болот? Болору болуп, боесу канабы деги? Антпесе элдин ырыскысына чыканагын матыргандар деңкейип семирип кетишпедиби? Эгерде кыраакы тергөөчүгө иши берилсе далай былыктар чукулуп чыгат. Калайман калк ошондой жыйынтыкты күтүп жатканы деле чын.

Булак: Ачык сөз

Последние новости