www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бокоев диплому жок жана оор кылмыш кылгандар Президенттикке, депутаттыкка талапкер боло албай турган мыйзам иштеп чыкты.

Аталган мыйзам жазылып бүтүп Жогорку Кеңештин сайтына илинди, ага ылайык жогорку билими жок жана оор кылмыш кылып соттолуп, соттугу жоюлгандан кийин канча убакыт өтсө да Кыргыз Республикасынын Президенттигине жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер боло албайт деген чектөө киргизилет.

Бүгүнкү иштеп жаткан шайлоо мыйзамдарында мындай нормалар жок. Жогорку билими жоктор да соттолгондор да талапкер боло алат. Албетте бул мыйзамга өлкөнү уурдап байыган чиновниктер жана уурдап кармалып камалган саясатчылар каршы болошу мүмкүн, бирок карапайым элге эң керектүү мыйзам. Коррупционерлердин тагдырына балта чапкан Кенжебек Бокоевдин мыйзамы кабыл алынышы зарыл.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости