www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламентте Мыктыбек байкебиз «скромный» болуп сүйлөсө эле билбегендер алды-алдынан тал кармашы мүмкүн. Публикада сөздү этияттап сүйлөгөнү менен Абдылдаев эрегеше келсе кызаңдап, аябай тажаал мүнөзү бар экенин билесиңерби?

Бир курдай ресторанда Медет Садыркулов экөө отуруп калып, жүз граммды шыңгыткан байкебиз «концерт» койгон болчу. Садыркуловду столду айландыра кубалап, «энеңди...» деген эркекчиликтен баштап, албууттанганын көргөнбүз.

Экөөнү ажыратышпаса балжа-булжа болуп кетишмек. Оо, ал кез Бакиевдин доору болчу. Интриганын сазайын Медекең берип, Юсуповичти борттон ары ыргыткан да администрациядан... Ошонун айынан тополоң чыгып атпайбы. Азыр деле Мыкыбыз кызыраңдап турат эмеспи, эгерде жинине ашыкча тийген бирөө болсо ченебей чатак салары ажеп эмес.

Булак: АЗИЯньюс

Последние новости