www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ак көйнөк, кыкынган галстук, костюм-шым... Же айымдарыбыздын маскачан жүзү... Дискомфорт... Булар зыңгырап жүрүшсө эле чийимдерден чыгышпагандай, пакиза адамдардай көрүнүшөт эмеспи. Жипке тизилген шурулардай элестейт эй. Тилекке каршы, чоң инсандардын да оомал-төкмөл жашоосу болорун унутпайлы. Биз айрым эски күндөрдөгү «жиндиликтерди» дейбизби, жаза тайган жармач ирмемдерби, айтор, ар кандай сейрек көрүнүштөрдү эске салмакчыбыз. Балким, суроолуу жылмаябыз. Бул турмуш да..
Бир курдай журналист Аслан Сартбаев менен Азиз Турсунбаев Киев көчөсүндегү Ормоновдун офисине барып калышат. А жерде чылгый түштүктүн тыңчыкмалары отурушуптур: Айтибай Тагаев, Искендер Гаипкулов, Улукбек Ормонов, Арапбай Төлөнов, Мавлян Амракулов, Нурпазыл Атамбаев ж.б.
Бир маалда Арапбай албууттанып эле Асланга асыла баштайт: «Сен бала, түштүктүн балдарын сындайт экенсиң, бу кандай?» деп омуроолоп кирет. Аңгыча Азиз Атакозуевич «Аслан андай эмес, акелеринин баары түштүктөн болуп атса кандай?» деп тамаша чала сүйлөйт.
Төлөнов болсо, «Азиз, сен качантан бери иче элексиң?» деп кыртышы сүйбөй сайыла баштаганда, Гаипкулов менен Ормонов ордуларынан акырын туруп, жакындай басышат. «Эй аке, байкап сүйлөңүз! Эмне деп айтып атасың?» деди Турсунбаев ачууланып.
Кер-мур күчөй баштаганда Мавлян, Искеңдер, Улукбектер арачыга түшүшүп, кырдаалды жумшартышкан болчу. Ошо арада курсактарын сылай Айтибай менен Нурпазыл кыткылыктай отурушту го чиркин. Бир маалда Азиз мырза «тарс» эткизе эшикти ачып, сыртка чыгып кетти. Артынан Аслан да жөнөдү. Сырттан Турсунбаев «Арапбайдын жашын сыйладым, болбосо жаткыза чапмакмын!» деп айтканы бар. Ток этери, ушундай уюктар түндүк--түштүккө бөлүнбөй качан оңолушат?
Булак: АЗИЯньюс