www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
20-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 1853-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын макулдашылган варианты каралды. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Аталган маселе боюнча Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы Айтмамат Назаров баяндама жасады. Анын айтымында, аталган мыйзам долбоору боюнча түзүлгөн макулдашуу тобунун курамы кеңейтилип, макулдашылган вариантты дыкат карап бир жыйынтыкка келишкен. Мыйзам долбоорунда 2009-жылдын 31-июлуна чейинки сугат айдоо жерлерине салынып калган үйлөрдүн жер тилкелерин жана айыл өкмөттөрүнүн чечимдеринин негизидеги жер тилкелерин трансформациялоого уруксат берүү маселеси каралган. Анда 40 миңге жакын үй жана 13 миң га жер тилкеси жөнүндө сөз болууда. Мында талаш-тартышты жараткан жерлер Чүй облусунун Аламүдүн, Сокулук райондорунда болгон. “Бул макулдашылган мыйзамга камтылбай, тескелбей калган жерлерди, үйлөрдү өкмөт сентябрда өзүнчө мыйзам долбоору менен алып келүүнү мерчемдеп жатат”,- дейт А.Назаров.
Депутат Уланбек Примов келечекте сугат жерлерин турак жай курууга трансформациялоо үчүн жер үйгө эмес көп кабаттуу үй курууга уруксат берүү маселесин карап көрүүнү өкмөткө сунуш кылды. Депутат Жылдыз Мусабекова Бишкек четиндеги Ала-Тоо жаңы конушундагы сибир жарасы менен ооруп өлгөн малдар көмүлгөн жерге жакын үйлөрдүн тагдырына кызыкты. КР биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бул маселени 2 жол – же документтештирип берүүнү же бул малдын өлүгү көмүлгөн жерди көчүрүп, тазалоо жолдору бар экенин айтты. Ошондой эле 2009-жылдын 31-июлуна чейинки сугат айдоо жерлерине салынып калган үйлөргө жана жер тилкелерине тиешелүү документтери болсо, трансформациялоого уруксат берилерин кошумчалады.
Бир катар депутаттар 5-10 гектар жер алгандардын эмес, 4-8 сотых алып, документин ала албай жүргөндөрдүн маселесин чечип берүү керектигин, трансформациялоо боюнча түзүлө турган өкмөттүк комиссия ушул маселеге көңүл бурушу керектигин баса белгилешти. Депутаттар Мирлан Жээнчороев, Экмат Байбакбаев, Иса Өмүркулов бүтүндүгү бузулган контрлардын маселеси дагы бул мыйзамга камтылышы керектигин сунуш кылышты.
Жыйынтыгында жогоруда аталган мыйзамдын макулдашылган варианты добуш берүүгө жиберилди. Депутаттар тарабынан айтылган сунуштар эске алынмай болду.
Булак: NazarNews.kg