www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көкбөрү: финалда

Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча клубдар арасындагы Дүйнө кубогунун финалчылары аныкталды. Бүгүн, 18-августта Кыргызстандын "Ынтымак" жана "Достук" командалары ат салышып, 2:0 эсебинде "Ынтымак" командасы жеңишке жетти.

"Достук" кубогу үчүн финалда эми "Ынтымак" Казакстандын "Астана" командасы менен беттешет. "Астана" командасы жарым финалдык беттеште "Түркстанды" 2:0 эсебинде утуп алды.

"Түркстан" (Казакстан) жана "Достук" (Кыргызстан) командалары 3-орун үчүн ат салышат.

Ал эми клубдар лигасында финалга “Жаштык” жана “Красноярск” командалары чыкты. Коло байге үчүн “Алтай” жана Өзбекстан командасы беттешет.

Финалдык оюндар 20-августта өтөт. Бул күнү жогоруда аталган командалардан сырткары 45 жаштан жогоркулар арасында Кыргызстан менен Казакстандын көк бөрү командалары беттешет.

Көк бөрү боюнча клубдар арасындагы Дүйнө кубогу быйыл алгачкы жолу Кыргызстандын көк бөрү федерациясы тарабынан өткөрүлүп жатат.

Мелдеш мамлекеттер арасында достукту бекемдөө, көк бөрү оюнун жайылтуу максатында уюштурулган. Дүйнө кубогун эки жылда бир өткөрүү пландалууда.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости