www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттыкты сактоо уюмдарында 1-майдан 10-майга чейин жооптуу кызматкерлердин нөөмөтүн уюштуруу менен белгиленген тартипте иштөө камсыздалат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Медициналык мекемелерде күнү-түнү тез жардам көрсөтүү, орундуктардын резерви, ошондой эле керектүү дары-дармектердин, медициналык буюмдардын жана кан компоненттеринин болушу камсыздалат.
1-майдан 10-майга чейин саат 8:00дөн 18:00гө чейин амбулатордук деңгээлдеги мекемелерде (Үй-бүлөлүк медицина борборлору, Жалпы практикалык дарыгерлер борбору, Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу) нөөмөт уюштурулат, эмканалар саат 14:00гө чейин иштейт.
Бишкек, Ош жана аймактардагы тез жардам кызматы дем алышы жок күнү-түнү иштейт. Ошондой эле, санитардык авиациянын үзгүлтүксүз иши жана майрам күндөрү санитардык-эпидемиологиялык кызматтын жана лабораториялардын адистеринин нөөмөтү камсыздалган.