www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бирөө кечерге кечүү таппай жатса, бирөөлөр ичээрге суу таппай жатат» деген кыргыздын сөзү эске түшөт. Ошентсе да учурдагы каатчылык жанга батты. «Быйылкы кургакчылыктын айынан күзгү түшүмдүн начар болору алдыртан болжонууда. Бул боюнча коомдук ишмер Клара Сооронкуловага азык-түлүк кризиси, кымбатчылык күчөсө, саясый кырдаалдын чыңалышына өбөлгө түзүлбөйбү?» деген собол таштадык.

- Албетте, саясый кырдаал биздин өлкөдө чыңалышы мүмкүн. Анткени 30 пайыз шайлоочулар чоң үмүт менен колдошту эле. Анан биздин элди билесиз да, жаман адатка айланып калды, бир аз эле кыйналып баштаса эле болду, «революция кылыш керек, бийликти алмаштырабыз» деген түшүнүк орнободубу. «Жаман айтпай жакшы жок» дегендей, кыргыздын революциясы болуп кетиши мүмкүн. Анан бу жерде эң кооптуусу, орустар айтып коёт «голодный бунт» деп, кедейлер менен байлардын ортосундагы күрөш болуп кетпесе экен, чоң чатакка айланып дегеним. Ошол себептен алдын ала чара көрүш керек. «Матрезервде канча ун бар? Канча буудай бар? Азык-түлүк продукцияларынан канчасы запаста турат?» деген маселени көтөрүү абзел. Кем-карчты толуктоо кажет. Кандай болгон күндө да каатчылык кырдаалдан чыккан оң. Карапайым элди жалган убада менен тойгузгандан көрө, ачык-айкын маалыматты жеткизип турушса дейт элем.

Булак: Азия News гезити

Последние новости