www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Классташым зордуктап койду

- Эки ай мурун мени классташ балам зордуктап койгон. Машинасында кетип баратып суу ичкенбиз. Себебин билбейм,  кийинки 4-5 сааттык убакыт эсимде жок. Эсиме келсем, классташым ортобузда интимдик байланыш болгонун айтты. Башында ишенген жокмун, мындай болушу мүмкүн эмес дедим. Бирок, көйнөгүм жана ич кийимим кан экен. Эки күн боюу эмне кылаарымды билбей, жыйынтыгында милицияга арыз жазууну туура көрдүм. Классташым мага кайра-кайра чалып жатты. Арыз жазаарымды айтсам, “Арыз жазсаң атаң менен апаңа жаман!” деп коркутуп баштады. Атамдын эпилепсиясы бар, апам болсо  2 жолу инсульт болгон. Алар бул нерсени көтөрө алашпайт эле. Айлам жок, арыз жазган жокмун. Азыр ал башка мамлекетте. 

Жакында үй-бүлөлүк шартка байланыштуу башка өлкөгө иштегени кетем. Мен өзүмдү кантип алып жүрүшүм керек? Эгер 6 ай интимдик катнашка барбаса кыздык белги кайра калыбына келет дешет экен, бул чынбы?  

Гүлзина Мадраимова, Акушер-гинеколог: 

- Кыздык чел кабык дайыма нымдуулукта кармалып тургандыктан, жаракат алганда ошол калыбында калып калат. Эч качан баштагысындай болуп калыбына келбейт.  Менин сизге кеңешим, дарыгер-гинекологго кайрылып, жыныс инфекцияларына анализ тапшырып коюңуз. Кошумча суроом: зордуктоодон кийин этек кириңиз келдиби?

Гүлбарчын Жумабаева, Никелер жана зомбулук боюнча эксперт:

- Урматтуу окурман! Классташыңыз сизди алдоо жолу менен ишенчээктигиңизди пайдаланып зордуктаган. Аны жазасыз калтырбай ошол замат милицияга беришиңиз керек болчу. Зордуктоону далилдөө үчүн кан болгон кийимдерди жуубаш керек жана жуунбоо дагы зарыл. Эгер биз зордук-зомбулук жасаган айыпкерлерди дайыма жазасыз калтыра берсек, ал кайрадан барып дагы бир башка кыз келиндерге зомбулук жасайт. Ошондуктан, эч нерседен коркпой милицияга, доктурга, кризистик борборлорго кайрылуу кажет.

Азыр убакыт өтүп кеткен соң, чөкпөңүз, психологго жана гинекологго барыңыз. Күчтүү болуңуз, сиздин келечегиңиз алдыда. Жашоодогу бардык баалуулуктарды, ой- тилек максаттарды кыздык белги менен байланыштырбаңыз. Тагдыр сизге 10 сыноо койсо, сиз ага 20 жооп табыңыз! Баардык жакшы нерселер алдыда!

Булак: "Билесиңби"

Последние новости