www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги социалдык тармактарда талкуу болуп жаткан МинКаб төрагасы Акылбек Жапаровдун тасмасын ырчы Майсалбек Бокоев баракчасына жүктөгөн. Өз мезгилиндеги той тууралуу ырчынын өзү менен маектешип, Көлбаев тууралуу көп чындыкты уктук.
— Саламатсызбы, Майсалбек мырза. МинКаб төрагасы Акылбек Жапаровдун кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаевдин апасынын юбилейиндеги куттуктоосун Тик-Ток баракчаңызга жүктөгөн экенсиз, той тууралуу айтып берсеңиз.
— Саламатсызбы. Кимдер бирөө маркум агабыздан белек алып, көзү тирүүсүндө "акелеп жакелесе" менде андай кошоматтык сапат жок. Сыйга татыктуу инсанбы ал инсан тирүү кезинде дагы, каза болгондон кийин дагы сый-урматым чексиз бойдон кала берет. Ал тасманы оператор балдар жиберген экен.
— Социалдык баракчаңызга үңүлсөк Камчы Көлбаев менен байланышы бардайсыз?
— Ооба, апасы жана бир туугандары менен тааныштыгым бар. Чыгармачылыгыма гана байланыштуу. Аларга кара күн түшүп турганда жакшы сөз гана айтып моралдык жактан колдоо көрсөтүп турдум. Башында айткандай сыйланган инсаныма менин сыйым чексиз болот. Өлүм баарыбыздын башыбызда бар, түбөлүк жашоодо эч ким жок. Талкууга түшкөн тасмада кылмыштын курамы болбосо керек.
— Акылбек Жапаровдун кишилери тасманы өчүрүп кой деп чыгышкан жокпу?
— Жок, ал жерде кылмыштын курамы жок. Көлбаев менен бийликтегилердин көбү жакшы болгонун элдин баары билет.
— Рахмат.
Эске сала кетсек, жогорку тасмадан кийин, Дайыр Орунбеков “МинКаб төрагасы Акылбек Жапаровдун Мая Алиеванын 70 жылдык юбилейине арналган салтанатка катышкан эски видеосу - социалдык байланыш тармактарында жарыяланып, талкууга алынып жатат. Интернет колдонуучулар тойго катышкан себебин жана алар менен кандай байланышы бар экенине кызыгышууда.
Мая Алиева менен Акылбек Жапаровдун агасы студент кезинде окуу жайда чогуу окушкан экен. Ошондон улам тааныштык байланышы болгон. Мындан тышкары тойго катышкан себеби, кошунасы катары чакырылыптыр. Ал эми Мая Алиеванын уулу Көлбаев менен эч кандай байланышы, иши дагы болгон эмес экенин маалымдайбыз”, - деп билдирүү тараткан.
Булак: NazarNews.kg