www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен Италия Республикасынын Президенти Серджо Маттарелла 9-11-ноябрда Өзбекстанга расмий сапар менен келет.

Программага ылайык сүйлөшүүлөр эң жогорку деңгээлде өтөт.

Күн тартибинде Өзбекстан-Италия стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары өнүктүрүү жана артыкчылыктуу багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери бар.

Өзбекстандын президентинин үстүбүздөгү жылдын июнь айында Италияга жасаган иш сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулат.

Эл аралык саясаттын жана аймактык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болот.

Саммиттин жыйынтыгында бир катар өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Президент Серджо Маттарелла ошондой эле Самарканд жана Хива шаарларын кыдырып, Өзбекстандын маданий жана тарыхый мурастары менен таанышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости