www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Франция Республикасынын Президенти Эммануэль Макрондун чакыруусу менен 9-11-ноябрда Париж тынчтык форумунун алкагындагы "Бир Планета Саммитине" катышуу үчүн Францияга иш сапар менен барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

"Мамлекет башчысы ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясына да катышат.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Франциянын Президенти Эммануэль Макрон, ЮНЕСКОнун Башкы директору Одри Азуле, Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) Башкы катчысы Матиас Корман, Франциянын энергетика тармагындагы "Électricité de France" жана «Total» компанияларынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. 

Сапардын жүрүшүндө Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда биринчи кыргыз-француз бизнес-форумун өткөрүү пландаштырылууда", - деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Эскерте кетсек, Президент Садыр Жапаров 8-9-ноябрда иш сапары менен Ташкент шаарында болду.

Источник: NazarNews.kg

Последние новости