www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Орунтаев Нурдан Кемелович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн 9-ноябрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, агенттиктин директору Мырзабек Жыпаркулов ээлеген кызмат ордунан бошотулду. 

35 жаштагы Орунтаевдин билими жогорку. 

Вице-мэр болуп дайындалганга чейин 2022-жылы Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин директору болуп иштеген. Анын тушунда борбор калаада бир катар курулуштар мыйзамсыз деп табылып, буздурулганы коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

 

Последние новости