www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун 8-9-ноябрда Өзбекстанга болгон иш сапары аяктаганын мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жапаров Ташкентте Өзбекстан лидери Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

"Президенттер кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын, атап айтканда, достук мамилелерин, стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы көп пландуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты", — деп билдирди маалымат кызматы.

Сапардын экинчи күнүндө ал Экономикалык кызматташтык уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги 16-саммитине катышкан.

"Жапаров анда экономикалык кызыкчылыктардын жалпылыгына негизделген аймактык жана региондор аралык интеграция келечекти көрө билүүнүн негизги элементи болуп саналарын белгиледи. ЭКУ заманбап шарттарда интеграциянын майнаптуу куралы болуу үчүн эбегейсиз мүмкүнчүлүккө ээ", — деп айтылат билдирүүдө.

Булак: "sputnik.kg"

Последние новости