www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмазбек Асановдун жетекчилигинде оперативдик штаб Чүй районундагы Көл-Төр бийик тоолуу көлүнүн абалына барып жеринде байкоо жүргүзүп келди.
Социалдык түйүндөрдө көлдүн жырылып кетүү коркунучу туулуп жаткандыгы тууралуу маалымат тараган. Мындан улам оперативдик штабдын курамы Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов, Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери, Токой кызматынын адистери, Чүй районунун акими жана Президенттин Чүй облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчилигинин катышуусунда Көл-Төрдүн бүгүнкү күндөгү абалына жеринде кароо жүргүзүлүп, суу адаттагыдан көбөйүп калгандыгы байкалган.
Натыйжада жергиликтүү бийлик менен бирге абалды туруктуу көзөмөлдөө жана тиешелүү чараларды көрүү чечими кабыл алынды.
Алмазбек Асанов суунун ташып кетүү коркунучун алдын алуу максатында жергиликтүү бийлик атайы трубаларды алганга каражат бөлүп берүү, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан орнотуу иш-чаралары жүргүзүлөрүн билдирди. Ал үчүн маселени тез арада чечүүнү тапшырды.
Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери тарабынан жыл башынан бери үч жолу байкоо жүргүзүлүп, алдын алуу жумуштары аткарылып келген.